Кыргызстанда «Кыргыз спутник» мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Министрлер кабинети «Кыргыз спутник» ачык акционердик коому түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Бул чечим айыл чарба, экология, өзгөчө кырдаалдар үчүн аэрокосмостук сүрөттөрдү алуу максатында заманбап космостук технологияларды киргизүү үчүн кабыл алынды.
Алынган аэрокосмостук сүрөттөр төмөнкү багыттарда колдонулат:
- жер ресурстарын эсепке алуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
- экологиялык мониторинг жүргүзүү;
- климаттын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү;
- маанилүү минералдык ресурстарды аныктоо;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу.
Токтомго ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишкананын негиздөөчүсү жана жалгыз акционери болуп аныкталат.
«Кыргыз спутник» коомунун имараты Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашат. Имарат акысыз пайдалануу келишиминин негизинде берилип, коммуналдык жана эксплуатациялык чыгымдар ишкана тарабынан төлөнөт. Каракол шаарынын мэриясына объектти куруу жана жайгаштыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү тапшырылды.