18-март: Көпчүлүк аймактарда күн ачык болотБишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бала бакчанын курулушу башталдыБорбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгоду
Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны өсүүдө
03.06.2025 | 13:21
2025-жылдын башынан бери Кыргызстанда кызамык оорусунун 7342 учуру катталып, анын тогузу өлүмгө алып келген.
Саламаттвк сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эң аялуу топ бир жаштан төрт жашка чейинки балдар. Эң көп учурлар Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында, ошондой эле Ош шаарында катталган.
Ооруга чалдыккандардын ичинен 440 адам гана эмдөөдөн өткөн жана алардын көбү вакцинанын бир гана дозасын алышкан. Ооругандардын 94%ы (6902 адам) эмделбегендер, анын ичинен 44%ы (3252 адам) эмдөөдөн баш тарткандар.
Рубрики: Жаңылыктар