Кыргызстанда мүлк салыгы боюнча өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандын Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин билдирди.
Маалыматка ылайык, мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү.
Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүү жокко чыгарылды.
Мындан тышкары “турак жай мүлкү” жана “турак эмес мүлк объектиси” деген жаңы түшүнүктөр киргизилди. Мындан улам мүлк салыктарынын төмөнкү 3 түрү пайда болду:
- Турак жай мүлк объектисине салынуучу салык. Бул эки объект боюнча салыкты эсептөөнү камтыйт: турак жай имараты жана үй жанындагы короо жай же багбанчылык-огороддук жер участогу;
- Турак эмес мүлк объектисине салык. Бул калктуу конуштардын турак эмес имараты, жайы, курулушу жана жер участогу жана айыл чарба багытында эмес салык эсептөөнү камтыйт;
- Айыл чарба жерлерине тиешелүү жер салыгы.
Салык кызматы ошондой эле жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, пенсионерлерге үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторуна жеңилдиктер берилерин билдирди.