Кыргызстанда өткөндү бурмалоого каршы күрөшүү үчүн «Тарыхый мейкиндик» ачылды

05.02.2026 | 18:31

80 жыл мурунку окуялар тарых китептериндеги жөн гана бөлүмдөргө айланган муун менен согуш тууралуу кантип сүйлөшүү керек? Бул суроо Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өткөн эл аралык илимий-практикалык конференциянын өзөгүн түздү. Сталинград салгылашындагы жеңиштин 83 жылдыгына арналган иш-чара тарыхый чындыкты урпактар үчүн сактап калуу максатында Кыргызстандын, Россиянын жана Беларустун дипломаттарынын, тарыхчыларынын, коомдук ишмерлеринин жана студенттеринин башын бириктирди.

Масштабдуу форумдун демилгечиси катары КУУнун Журналистика жана коммуникация институту чыгып, россиялык «Мен эстейм» («Я помню») жана «Жеңиш монументтери» («Монументы Победы») коомдук долбоорлору колдоо көрсөттү. Уюштуруучулар башкы максат катары баатырларды эскерүүнү гана эмес, жаштар менен диалогдун заманбап форматтарын — кино, журналистика жана интерактивдүү билим берүү мейкиндиктери аркылуу изденүүнү аташты.

«Тарыхый мейкиндик»: эстутумдун жаңы форматы

Күндүн негизги окуяларынын бири — университеттин ичинде «Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхый мейкиндиги» аттуу тематикалык аудиториянын салтанаттуу ачылышы болду. Кабинет Кыргыз ССРинин жалпы Жеңишке кошкон салымы тууралуу — майдандагы эрдиктерден тартып ооруктагы жан аябас эмгекке чейин кеңири баяндаган эки тилдүү стенддер менен жабдылган.

«Жеңиш монументтери» долбоорунун өкүлү Илья Левитан аудиториянын концепциясын тааныштырып жатып, бул жөн гана музей экспозициясы эмес, изилдөө иштери жана талкуулар үчүн заманбап аянтча экенин белгиледи.

«Бизге Кыргызстандын аймагындагы эстеликтер, алардын тарыхы боюнча өтө көп кайрылуулар түштү. Айрым монументтерди калыбына келтирүү өтүнүчтөрү да болду. Биз азыр бул багытта иш алып барып жатабыз жана жакында реставрациянын жыйынтыгын көрсөтө алабыз деп үмүттөнөбүз», — деп бөлүштү пландары менен Левитан.

Кинодокументалистика жана сөздүн кудурети

Конференциянын алкагында Сталинград салгылашына арналган «Жеңиш» даректүү тасмалар сериясынын эксклюзивдүү көрсөтүүсү болуп өттү. Тасмаларды алардын илимий кеңешчиси, «Мен эстейм» фондунун директору, коомдук ишмер жана жазуучу Артем Драбкин сунуштады. Ал согуш тууралуу чындыкты заманбап көрүүчүгө жеткирүү маселеси татаал экенин баса белгиледи.

«Менин муунум үчүн бул жандуу окуя болчу, биз ардагерлер менен баарлашканбыз. Азыркы муун үчүн — бул алыскы өтмүш. Аларга жеткирүү кыйын, бирок зарыл. Баяндоо эмоционалдык таасир, жүрөккө жете турган жеке тагдырлар жана эскерүүлөр аркылуу берилиши керек», — деп белгиледи Драбкин.

Кыргыз эл жазуучусу Абдиламит Матисаков чыгармачылыгы согуштун жылнаамасына айланып, ошол жылдардагы жандуу эмоцияларды жана деталдарды келечек муундар үчүн сактап калган фронтовик жазуучулардын ролун эске салды.

«Көркөм сөз аскердик окуялар жөнүндөгү жандуу эстутумду сактоонун эң күчтүү куралдарынын бири бойдон калууда», — деп баса белгиледи жазуучу.

«Унутууга укугубуз жок»

Конференциянын ишине түрдүү тармактардын: дипломатиянын, саясаттын жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Дипломатиялык корпустун атынан Россия Федерациясынын КРдеги Элчисинин кеңешчиси Сергей Храмов жана Беларусь Республикасынын КРдеги Элчилигинин кеңешчиси Виталий Семашко чыгышты.

Сергей Храмов өз сөзүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө басым жасады. Анын айтымында, дал ушул биргелешкен билим берүү жана маданий демилгелер бүгүнкү күндө жалпы тарыхый мейкиндикти сактоого жана чыңдоого өбөлгө түзүүдө.

Биримдик темасын Виталий Семашко улантып, жалпы тарыхтын эл аралык өлчөмүн баса белгиледи. Дипломат согуш жөнүндөгү эстутум элдерди бириктирип, жалпы Жеңишти эске салган пайдубал бойдон кала берерин белгиледи.

«Беларусь, Кыргызстан, мурдагы Советтер Союзунун башка республикалары сыяктуу эле согуш трагедиясын чогуу башынан өткөрүштү. Бул эстутумду сактоо — биздин жалпы жоопкерчилигибиз», — деп билдирди Беларусь элчилигинин өкүлү.

Чындыкты сактоонун кесиптик өңүтүн Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк эске салды. Ал медиа чөйрөнүн өзгөчө ролун белгилеп, азыркы жаштарда өтмүш жана анын бүгүнкү күн үчүн мааниси тууралуу түшүнүк дал ушул журналисттик материалдар жана кино аркылуу калыптанарын баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулованын студенттерге кайрылуусу эмоционалдуу болду, ал жаштарды өз үй-бүлөсүнүн жана өлкөсүнүн тарыхына аяр мамиле кылууга чакырды.

«Эң башкысы — бизде болгон тарыхты кабыл алуу. Биз аны чийип сала албайбыз. Буга эч кандай моралдык укугубуз жок. Биздин азыркы жашообуз — согушка кетип, кайтып келбеген муундун аркасы. Оорукта күнү-түнү тыным албай эмгектенген энелерибиздин аркасы. Биз муну сактоого жана өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз», — деп жыйынтыктады парламентарий.

Иш-чара эл аралык тегерек стол менен аяктап, анда катышуучулар тарыхый эстутумду өткөрүп берүүнүн методикаларын талкуулашты. Мындай жолугушуулар жана профилдик аудиториялардын ачылышы КМШ мейкиндигинде гуманитардык байланыштарды чыңдоого жана тарыхты бурмалоо аракеттерине каршы турууга жардам берери белгиленди.


Соңунда Роскызматташтыктын (Россотрудничество) КРдеги жетекчиси Альберт Зульхарнеев университетке эстелик белектерди жана китептерди тапшырып, жогорку окуу жайдын тарыхый-маданий мурастарды сактоого кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Эскерүү эстафетасы уланууда

Сталинград салгылашынын жылдыгына карата агартуу иш-чараларынын масштабдуу программасы улуттук университеттин дубалдары менен гана чектелген жок. Бүгүн, 5-февралда эстафетаны Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кабыл алды. Бул окуу жайда эл аралык конференциянын алкагында иш уланып, анда эксперттер, тарыхчылар жана коомдук долбоорлордун өкүлдөрү болочок юристтерди жана укук коргоо кызматкерлерин тарыхый чындыкты сактоо боюнча маанилүү диалогго тартуу менен ушундай эле жолугушууларды, кино көрсөтүүлөрдү жана талкууларды өткөрүшүүдө. Конференция менен биргеликте окуу жайдын ичинде Сталинград салгылашынын баатырдык барактарына жана кыргызстандык жоокерлердин фашизмди жеңүүдөгү жалпы салымына арналган тематикалык сүрөт көргөзмөсү да жайылтылды.

Scroll to Top