Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады
Кыргызстандын илим жана жогорку билим берүү министринин эки орун басары кызматтан бошотулду
05.02.2026 | 17:26
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жетекчилигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев ведомство жетекчисинин эки орун басарын ээлеген кызматтарынан бошотуу жөнүндө тескемелерге кол койду.
Расмий документтерге ылайык, Айбек Чотонов министрдин биринчи орун басары кызматынан, ал эми Нурлан Өмүров — министрдин орун басары кызматынан кетти. Эки чиновник тең ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшырганы кабарланууда.
Кызматтан бошотулган жетекчилер министрликтин курамында жети айга жакын иштешти. Эске салсак, Айбек Чотонов жана Нурлан Өмүров аталган кызматтарга 2025-жылдын июль айында дайындалышкан. Тиешелүү тескемелер кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат