Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт

2025-жылдын 29-октябрынан 2-ноябрга чейин Кыргызстанда «Россиянын маданият күндөрү» аталышындагы долбоор өткөрүлөт. Бул долбоор Россия Федерациясынын Маданият министрлигинин колдоосу менен уюштурулуп, РОСКОНЦЕРТ тарабынан жүзөгө ашырылат.
Иш-чаралар Бишкекте концерттик программа менен башталып, 29-октябрда Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында Россиянын белгилүү аткаруучулары өнөрүн тартуулашат: Пелагея, Сергей Волчков, Александра Воробьева, Софья Онопченко, Вадим Эйленкриг, Николай Землянских жана Анастасия Тюрина. Концерт «Фонограф-Симфо Джаз» оркестринин коштоосунда өтөт.

Ошондой эле 29-октябрда филармониянын фойесинде Кино музейинин фото көргөзмөсү «Бир экранда. Россия-Кыргызстан-Кино» сунушталат. Ошол эле күнү «Манас» кинотеатрында Россиялык кинолордун фестивалынын ачылышы болот. Конокторду аскердик фильм «Август» жана режиссер Никита Высоцкий менен жолугушуу күтөт. Фестивалда ошондой эле драма, аскердик, мультфильм жана фантастикалык фильмдер көрсөтүлөт.
30-октябрь – 2-ноябрь аралыгында Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында Никита Михалковдун «Мастерская 12» театрынын спектаклдери көрсөтүлөт. Программада драма «12» жана балдар үчүн «Жоголгон убакыт жөнүндө жомок» спектакли сунушталат.