Кыргызстанда санариптик ID жана паспорт алуу жеңилдейт. Долбоор талкууга чыкты

Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тармагында бир катар өзгөртүүлөрдү сунуштады. Министрлер Кабинетинин токтом долбоору ишке ашса, ID-карталар жана паспортторду алуу, ошондой эле нотариалдык документтерге байланыштуу талаптар жеңилдейт.
Министрликтин маалыматына караганда, бул демилге мамлекеттик кызматтарга болгон жарандардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга, кызмат көрсөтүү процессин оптималдаштырууга жана санариптик трансформацияны тездетүүгө багытталган.
2025-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдар «Электрондук нотариат» системасында берилген маалыматтар менен иштөөгө милдеттүү. Паспорт алуу,
- Жарандык каттоо,
- Транспорт каттоо,
- Юридикалык жактарды каттоо,
- Бажыда өкүл болуу сыяктуу кызматтарда
жарандардан нотариалдык кагаз документтерди талап кылууга тыюу салынат.
Бирок иш жүзүндө көпчүлүк органдар дагы эле нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдү талап кылып жатканы белгиленүүдө. Жаңы долбоор бул көйгөйдү жоюуга багытталган.
Ал эми президенттик Иш башкармалыгына караштуу «Кызмат» мамлекеттик ишканасы төмөнкү өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат:
- ID-картаны улутун өзгөртүү негизинде алмаштырууга мүмкүнчүлүк берүү.
- Паспорт жоготулганда арызды автоматтык түрдө системада берүү мүмкүнчүлүгүн киргизүү. Эми “жазуу жүзүндөгү арыз” талап кылынбайт.
- Кыргыз жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду документке так шилтеме берүү.
Бул өзгөртүүлөр «Түндүк» электрондук платформасы менен тыгыз байланышта болот. Аталган система:
- Мамлекеттик органдарга жарандан документ сурабастан маалыматтарды өз алдынча текшерүүгө,
- Кагаз жүзүндөгү жүгүртүүнү кыскартууга,
- Жарандарга кызматтарды онлайн форматта көрсөтүүгө
мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы токтом долбоору кабыл алынса, жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу кыйла жеңилдейт. Документ учурда коомдук талкууда турат. Министрлик бардык жарандарды жана адистерди сунуш-пикир айтууга чакырууда.