Кыргызстанда сейсмоизоляторлорду чыгарган завод курулат

Кыргызстанда сейсмоизоляторлорду чыгарган завод курулат

Кыргызстанда имараттарды жер титирөөдөн коргоо максатында сейсмоизоляторлорду өндүрө турган завод курулат. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура министри Орозбек Орунтаев билдирди.

Завод Кытай компаниясы менен биргеликте 10 миллион долларлык инвестициянын негизинде курулат. Жаңы ишкананын 51% үлүшү Кыргызстанга тиешелүү болот, ал эми калган 49% Кытай тарап тарабынан башкарылат.

Ошондой эле, ушул эле долбоордун алкагында жер кыртышын изилдөөчү заманбап лабораториялар салынат. Министрдин айтымында, долбоор Кыргызстандын сейсмикалык коопсуздугун жогорулатып, курулуш тармагындагы илимий потенциалды кеңейтет.

Мындан тышкары, Курулуш министрлиги 1,5 миллион доллар өлчөмүндө грант алууда. Бул каражат жабдууларды сатып алууга жана лаборатория курууга багытталат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>