Кыргызстанда соттун өкүмүсүз мүлктү конфискациялоо сунушу каралууда

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы соттун өкүмү чыга электе эле мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү конфискациялоо механизмин киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Мекеменин маалыматында, учурдагы система шектүүлөр жашынып жүргөндө, күбөлөргө басым көрсөткөндө же каза болгондо алардын мүлкүн мыйзам чегинде алуу мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Натыйжада, мындай жагдай укук коргоо органдарына болгон ишенимди төмөндөтүп, мыйзамсыз алынган кирешелерди кайтарууга тоскоолдук жаратууда.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, мындай тажрыйба Казакстанда, Австралияда, Улуу Британияда жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келери белгиленген. Бул ыкмада мүлк ээси анын мыйзамдуу булактан алынганын далилдөөгө тийиш болот. Ошол эле учурда процесстик кепилдиктер жана күнөөсүздүк презумпциясы сакталат.
Прокуратуранын баамында, жаңы механизмди киргизүү коррупцияга каршы күрөштү күчөтүп, активдерди бюджетке кайтарууга жана сот адилеттигине болгон ишенимди арттырууга шарт түзөт.
Мекеме сунуштап жаткан мыйзам долбоорго ылайык, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, соттун өкүмүнө чейин мүлктү конфискациялоо боюнча өзүнчө өндүрүш тартиби каралышы керек.