Кыргызстанда сутка ичинде 7 медизина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу 3-майда коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2 медкызматкер илдетке кабылган.
Жалпысынан республика боюнча 207 медик коронавирус жуктуруп алган. Ал алардын ичинен 139 медкызматкер айыгып, стационарлардан чыккан.
3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 795ке жетти. Алардын ичинен 564 жаран айыгып чыкча, 10 адам илдеттен каза болду.