Кыргызстанда USDKG стейблкойну расмий түрдө жүгүртүүгө киргизилди
Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргызстанда биринчи улуттук стейблкоин — USDKG расмий түрдө жүгүртүүгө чыгарылды. Аземде алгачкы 50 миллион токендин эмиссиясы ишке киргизилди. Салтанатка президент Садыр Жапаров катышты. Анын пресс-кызматы билдиргендей, ар бир токен АКШ долларына байланган жана толугу менен физикалык алтын менен камсыздалган.

Иш-чарага долбоорду ишке ашыруунун негизги жооптуу адамдары: каржы министри Алмаз Бакетаев жана «Виртуалдык активдердин эмитенти» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Бийболот Мамытов да катышты. Салтанаттын жүрүшүндө катышуучулар “Эмиссияны ишке киргизүү” баскычын басып, 50 миллион даана USDKG токендерин Tron түйүнүндө расмий чыгарылышын жана жүгүртүлүшүн ишке киргизишти.
USDKG деген эмне жана анын максаты эмнеде?
USDKG — бул алтын менен камсыздалган стейблкоин, ал баалуу металдын туруктуулугун жана заманбап блокчейн технологияларынын эффективдүүлүгүн айкалыштырат.
Анын негизги өзгөчөлүктөрү:
- Туруктуулук: Токендин наркы АКШ доллары менен 1:1 катышта байланган.
- Ишенимдүүлүк: Ар бир токен өлкөнүн резервинде сакталган физикалык алтын менен толук камсыздалат.
- Ачык-айкындык: Эмиссия 100% мамлекетке таандык «Виртуалдык активдердин эмитенти» ААК тарабынан жүргүзүлөт. Бул жогорку деңгээлдеги институционалдык ишенимди камсыздайт.
Мекеменин маалыматына караганда, USDKG — жөн гана технологиялык эксперимент эмес, мамлекеттин кеңири стратегиясынын бир бөлүгү. Өкмөттүн билдирүүсүндө жаңы санариптик актив Кыргызстан үчүн бир катар стратегиялык мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды:
- Дүйнөлүк аренада позицияны бекемдөө: USDKG дүйнөгө туруктуу жана ишенимдүү санариптик инструмент сунуштоо менен Кыргызстанды глобалдык финансы экосистемасындагы ордун күчөтүүгө багытталган.
- Web3-инфраструктурасын өнүктүрүү: Бул стейблкоин децентралдашкан сервистерди (Web3) өнүктүрүүгө негиз түзөт, алардын жардамы менен мамлекет менен жеке сектор ортосундагы өз ара аракеттенүү жаңы деңгээлге чыгат.
- Инвестиция тартуу: Тунук, жөнгө салынган жана материалдык актив менен камсыздалган санариптик инструмент Кыргызстанга жаңы капитал менен технологиялык өнөктөштөрдү тартууга жардам берет.
- Инновацияларга ишенимди күчөтүү: Реалдуу алтын менен камсыздалышы санариптик активдерге болгон ишенимди арттырып, экономиканын өнүгүшүндө алардын реалдуу пайдасын көрсөтөт.
Эске салсак, буга чейин Каржы министрлиги дүйнөдө биринчи жолу реалдуу алтын менен камсыздалган мамлекеттик стейблкоин каттоодон өткөнүн билдирген.