Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Кеңештин максаты — виртуалдык активдер, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, жаңычыл долбоорлорго дем берип, инвестиция тартуу.
Кеңештин катчылыгын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору жетектейт.