Кыргызстанда жалпы студенттердин 35%дан ашыгын чет өлкөлүктөр түзөт

Кыргызстанда жалпы студенттердин 35%дан ашыгын чет өлкөлүктөр түзөт

2021/2022- окуу жылынын башталышына карата республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында 83 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер билим алышты, же жалпы студенттердин 35 пайыздан ашыгын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Басымдуу бөлүгү — 59 миңден ашык адам, же 71% КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттер, алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге көбөйгөн. Муну менен бирге Өзбекстандан келген студенттердин саны кыйла өстү, окуп жаткандардын жалпы санынын үлүшү 5 жыл аралыгында 11% дан 90% га чейин көбөйгөн.

Ошол эле убакта 2017/2018- окуу жылынын башталышына салыштырмалуу Казакстандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче, 43% дан 3% чейин төмөндөгөн.

Окуп жаткандардын санынын өсүү тенденциясы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген студенттердин арасында да байкалууда, алардын үлүшү өткөн беш жылда 6 миңден 19 миң адамга же 3 эсеге көбөйдү. Муну менен бирге Индиядан келген студенттердин үлүшү бул мезгил ичинде 73% дан 63% га чейин төмөндөгөн болсо, ал эми Пакистандан келген студенттердин үлүшү тескерисинче 6% дан 31% га чейин көбөйгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>