Кыргызстанда жана Казакстанда вебкам-студиялар тармагын уюштурган топ кармалды

Бишкек шаарында вебкам-студиялар тармагын уюштурууга шектелип 4 адамдан турган топ кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, аталган топ вебкам-студияларды Бишкекте жана Казакстандын аймагында уюштурган жана алардын иштөөсүн камсыз кылган. Топтун мүчөлөрү мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында Бишкектин ар кайсы райондорунан батирлерди ижарага алып келишкен.
Кармалгандардын жашаган даректерин тинтүү учурунда веб-камералар, компьютердик жана техникалык жабдуулар, эротикалык костюмдар жана буюмдар табылып, алынган.
Аталган топ бир нече платформалар аркылуу онлайн берүүлөрдү жүргүзүп, түшкөн кирешелер алардын “Binance” крипто капчыктарына которулуп тургандыгы аныкталган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.