Чүй облусунун Ысык-Ата районунда кафель жана керамика плиталарын чыгаруучу «Асылташ керамика» заводу ишке кирди. Заводдун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.
Долбоор тууралуу маалымат:
▪️Инвестиция: $40 млн.
▪️Жумуш оруну: 300дөн ашык адамга ылайыкталган.
▪️Орточо эмгек акы: 50 000 сом.
▪️Кубаттуулугу: жылына 3,3 млн чарчы метр продукция.
▪️Чийки зат: 100% жергиликтүү (чопо, каолин).
▪️Экспорт: Продукциянын 50%дан ашыгы тышкы рынокко чыгат.
Президенттин айтымында, завод экономиканы чыңдоо жана импортко көз карандылыкты азайтуу жолундагы маанилүү кадам болуп саналат.
Мамлекет жер бөлүп, инфраструктура менен камсыз кылуу аркылуу долбоорду колдоого алган.