Кыргызстанда өндүрүлгөн биометрикалык паспорттор эми чет өлкөлөргө экспорттолууда. Президенттин Иш башкармасына караштуу “Учкун” ачык акционердик коому Намибия Республикасы менен түзгөн 130 миң даана паспорт чыгаруу боюнча биринчи контракты ийгиликтүү аткарып, даяр продукцияны жеткирди. Намибия тарап документтердин сапатына жогору баа берип, ыраазычылыгын билдирди.
2025-жылдын 10-июнунда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, экинчи келишимди түзүү боюнча жолугушууларды өткөрдү. Ошондой эле “Учкун” менен башка багыттарда да кызматташууну каалаарын билдиришти.
Бул жетишкендик — өлкө жетекчилигинин колдоосу менен мамлекеттик ишканалардын потенциалы өсүп, Кыргызстан полиграфия тармагында экспортко жөндөмдүү мамлекетке айланып жатканын айгинелейт. Мурда Кыргызстан өзүнүн паспортторун чет өлкөлөрдө чыгарса, эми тескерисинче — башка өлкөлөргө сапаттуу документтерди жеткирүүдө.