Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгат

Министрлер кабинети 35 жашка чейинки жаш ата-энелер үчүн окуу программаларын иштеп чыгуу жана курстарды өткөрүү тартибин бекитти. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду.
Минкабдын маалыматында, бул демилге үй-бүлө институтун чыңдоого жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга багытталган. Окуу программалары төмөнкү багыттарды камтыйт:
- Каржылык сабаттуулук жана үй-бүлөлүк бюджетти пландоо;
- Санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү;
- Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу;
- Психологиялык колдоо жана эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү.
Окутуу процесси эки күндүк кыска курстар түрүндө өткөрүлөт. Сабактарды өткөрүү үчүн билим берүү, укук, психология, медицина жана социалдык иш жаатындагы квалификациялуу адистер тартылат. Курсту аяктаган жарандарга атайын сертификаттар берилет.
Окуудан өтүүдө аз камсыз болгон жаш үй-бүлөлөргө артыкчылык берилет. Үй-бүлөлөрдүн социалдык абалы тууралуу маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тастыктайт.
Долбоорду ишке ашырууга кеткен чыгымдар тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген каражаттарынын чегинде, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жабылат. Программанын аткарылышына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жоопкерчилик тартат.