Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Исатбек кызы менен Жылдыз Таалайбек кызы Өзбекстандын Самарканд шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада депутат Аида Исатбек кызы баяндама жасап, өтүп жаткан талкуунун маанилүүлүгүнө токтолуу менен Кыргызстандагы жаштар саясаты боюнча сөз кылды.
“Кыргызда жаштардын саны 1 миллион 593 миңди түзөт. Бул республиканын жалпы калкынын 24%ына барабар. Ал эми 10 жылдан кийин жаштардын саны 2 миллиондон ашып, 18%га өсөөрү күтүлүүдө”, — деди депутат Аида Исатбек кызы.
Телеграм каналыбызга катталыңыз