Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 21-мартта саат 22:47де Ооганстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз