Кыргызстанда жол жээктерине мөмөлүү бактарды отургузуу боюнча долбоор башталат

Кыргызстанда Айыл чарба министрлиги демилгелеген жолдордун жээгине мөмө-жемиш бактарын отургузуу долбоору башталат. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Долбоордун максаты – аймактарда жер кыртышынын эрозиясын азайтуу, жашыл инфраструктураны өнүктүрүү менен жол жээктерин бекемдөө.
Анын алкагында, ар бир райондордо болжол менен 1 чакырым узундуктагы негизги жол тилкелерине мөмөлүү бактар отургузулат. Айрым аймактарда тиешелүү жер тилкелери аныкталып, 2026-жылы көчөттөрдү отургузуу иштерин баштоо пландалууда.
“Чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, жол жээгине туура уюштурулган мөмөлүү бактар айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртып, мөмө-жемиш өндүрүүнү да көбөйтүүнүн эсебинен өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө да салым кошот”,- деп айтылат маалыматта.