Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларын көзөмөлдөгөн мобилдик check-up модулу ишке кирди

24.09.2025 | 16:28

Кыргызстанда жүрөк-кан тамыр ооруларынын жана башка кеңири таралган оорулардын алдын алуу максатында жаңы санариптик check-up модулу ишке кирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өткөн маалымат жыйында айтылды.

Жаңы модул «Өз ден соолугунду текшер» аталышында сунушталып, жарандар үчүн мобилдик тиркеме жана мамлекеттик «Түндүк» порталы аркылуу жеткиликтүү. Бул санариптик платформа аркылуу ар бир кыргызстандык өзүнүн саламаттыгына байланышкан тобокелчиликтерди баалай алат.

Модул инсульт, гипертония, кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу кеңири таралган илдеттердин алдын алуу үчүн эрте диагностика жүргүзүүгө багытталган.

Колдонуучулар:

• ден соолугу тууралуу маалыматтарды киргизип,

• система сунуштаган тобокелдик анализин көрүп,

• жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна онлайн жазыла алышат.

Мобилдик check-up модулун колдонуу үчүн «Түндүк» порталына кирип же тиешелүү мобилдик тиркемени жүктөп алсаңыз болот.

Scroll to Top