Кыргызстандагы КММ баалары: учурдагы абал жана өкмөттүн бааны ооздуктоо боюнча чаралары
Күйүүчү-майлоочу майлар (КММ) рыногундагы учурдагы кырдаал жана бааларды ооздуктоо чаралары тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Антимонополдук жөнгө салуу кызматынын жөнгө салуу чаралары башкармалыгынын башчысы Бейше Сатыгулов айтып берди. Анын маалыматына ылайык, 2026-жылдын март айынын акырына карата республикада отундун баасы туруктуу бойдон калууда жана атүгүл өткөн жылдын аягындагы көрсөткүчтөрдөн төмөн.
Ведомство өкүлү билдиргендей, 2023-жылдын декабрь айына салыштырмалуу АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 2–3 сомго арзандап, учурда орточо эсеп менен литрине 73,4–74,4 сомду түзүүдө. Ушундай эле динамика дизель майы боюнча да байкалууда, анын баасы 78,8–79,9 сомдун тегерегинде катталган. Бейше Сатыгулов талаа иштеринин башталышына жана геосаясий абалга байланыштуу адаттагы жазгы кымбаттоо байкалганы менен, Кыргызстан чөлкөмдөгү эң төмөнкү бааларды сактап жатканын белгиледи. Алсак, Өзбекстан, Тажикстан жана Арменияда бир литр бензин КРга караганда 10–20 сомго кымбат турат.
Мындай туруктуулук Россия менен түзүлгөн мамлекеттер аралык макулдашуулардын аркасында камсыз кылынууда. Бейше Сатыгулов республика КММдин 98%ын РФдан бажы алымдарын төлөбөстөн аларын баса белгиледи. 2026-жылга карата бекитилген индикативдик баланстын алкагында Кыргызстан 1,6 млн тонна мунай продуктусун, анын ичинде 1,3 млн тонна бензин жана дизель майын кепилдик менен алат. Ошол эле учурда Россиянын башка мамлекеттер үчүн киргизген экспорттук чектөөлөрү биздин өлкөгө болгон жеткирүүлөргө таасирин тийгизбейт. Ал эми өлкөнүн өзүндө өндүрүү («Жунхай» жана «Кыргызнефтегаз») учурда ички рыноктун муктаждыгынын 2-3%ын гана жабат.
Адис ошондой эле ишкерлердин киреше түзүмүн түшүндүрүп, мунай трейдерлеринин таза пайдасы аз экенин — ар бир литрден болжол менен 1 сомду түзөрүн белгиледи. Рынокту тышкы терс таасирлерден коргоо үчүн өкмөт тарабынан коргоо чараларынын комплекси иштелип жатканын Бейше Сатыгулов маалымдады. Алардын ичинде — россиялык заводдор менен бааларды жыл аягына чейин туруктуу кармоо боюнча макулдашууларга жетишүү, импорттоочулар үчүн КНС (НДС) жана акциздерди убактылуу алып салуу же төмөндөтүү, ошондой эле жеңилдетилген насыяларды берүү бар. Акыркы курал компанияларга отунду учурдагы баалар менен ири көлөмдө сатып алууга жана өлкөдө 3–4 ай алдыга КММдин стратегиялык запасын түзүүгө мүмкүндүк берет. Ведомство кырдаалдын ар кандай өзгөрүүсүнө ыкчам жооп кайтаруу үчүн жума сайын мониторинг жүргүзүүнү улантууда.