Кыргызстандагы мектептерде БУУнун 80 жылдыгына арналган сабактар өтүүдө

24.10.2025 | 10:43

Бүгүн өлкөнүн бардык мектептеринде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына арналган тематикалык сабактар жана иш-чаралар өткөрүлүүдө.

МиКабдын маалыматына ылайык, иш-чаралардын алкагында окуучулар БУУнун тынчтыкты сактоодогу, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү жана адам укуктарын коргоодогу ролун, ошондой эле Кыргызстандын уюмдун ишине кошкон салымын изилдешти.

Бишкектеги Байдылда Сарногоев атындагы №100 орто мектебинде өткөн класстык саатка Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве катышты.

Эдил Байсалов окуучулар алдында сүйлөп жатып, мындай деди:

«БУУнун күнү бардык мектептерде өткөрүлүп жатат, анткени Кыргызстандын окуучулары Бириккен Улуттар Уюму жөнүндө билиши керек жана биздин өлкө анын толук кандуу мүчөсү болгону менен сыймыктанышы керек. Ар бирибиз — балдар дагы, чоңдор дагы — айлана-чөйрөнү сактоого, адам укуктарын урматтоого жана планетабызда тынчтыкты бекемдөөгө жооптуубуз».

Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулар БУУнун дүйнө жана жаштардын келечеги үчүн мааниси жөнүндө чыгармачылык иштерин, стенддерин жана кыскача презентацияларын тартуулашты.

Scroll to Top