Улуттук банк «Почта Банкын» түзүүгө уруксат берди: ал бардык аймактарда иштейтКыргызстанга айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыЭнергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек ОрунбековКыргызстанда медреселердин саны расмий маалыматта көрсөтүлгөндөн көп болуп чыктыЭВФ: 2027-жылы Кыргызстанда инфляция Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө жететКыргыз мамлекеттик циркине казакстандык Нурлан Конокбаев жетекчи болуп дайындалды
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгында виртуалдык активдер боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт
24.10.2025 | 10:57

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага дүйнөдөгү ири криптовалюта платформаларынын бири болгон Binance’тин негиздөөчүсү Чанпэн Чжао (Changpeng Zhao) да катышат.
Жыйындын түз эфирин УТРК, башка республикалык телеканалдар жана социалдык тармактар аркылуу көрүүгө болот.
Иш-чаранын башталышы саат 11:00дө.