Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайт
Кыргызстандан эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды
28.03.2022 | 15:24
24-март күнү мурда Сирияда диверсиялык, мина жардыргыч заты боюнча машыгуудан өткөн жана терроризмге каршы коалициянын күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан “Катиба Таухид ва-Жихад” эл аралык террористтик уюмунун согушкери Ш.Р. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.
Маалым болгондой, ал аталган эл аралык террордук уюмдун жетекчилеринин көрсөтмөсү менен Сириядан жанкечти катары теракт жасоо үчүн аймактагы өлкөлөрдүн бирине жөнөтүлгөн.
Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тергөө иш-чараларынын комплекси уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар