Кыргызстандан Сирияга 150 тоннадан ашык гуманитардык жүк жеткирилди

06.11.2025 | 14:48

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстан Сирияга 150 тоннан ашык гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Жүк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Тышкы иштер министрлигинин аракети менен Түркия бийлигинин жардамы аркылуу жеткирилди.

Сирия тарапка биринчи зарылчылыктагы азык-түлүктөр: ун, күрүч, кант, өсүмдүк майы жана башка товарлар тапшырылды.

“Бул акция Кыргызстан тараптан тилектештикти көрсөтүү жана оор кырдаалда турган өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүүгө болгон умтулуусун тастыктоо болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.

Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү президент Ахмед Хусейн аш-Шараанын атынан кыргыз лидери менен элине жардам үчүн ыраазычылык билдиришип, «бул колдоо өзгөчө мааниге ээ болуп, бир туугандык катары кабыл алынууда» деп белгилешкен.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактагы актуалдуу маселелерди жана мындан аркы кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн да талкуулашкан.

Scroll to Top