Кыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышууда

20.10.2025 | 19:34

20-октябрда Тажикстандын «Фахрабад» полигонунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Тынчтык орнотуу күчтөрүнүн биргелешкен «Нерушимое братство–2025» жана радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо менен медициналык камсыздоо боюнча «Барьер–2025» атайын машыгууларынын салтанаттуу ачылышы болду.

Ачылыш аземине Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын начальниги — коргоо министринин биринчи орун басары, генерал-лейтенант Бободжон Саидзода, ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов, Бириккен штабдын начальниги генерал-полковник Андрей Сердюков, ошондой эле Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү жана расмий коноктор катышты.

Салтанаттуу иш-чара тынчтык орнотуу контингенттеринин жалпы сапка туруусу менен башталды. Аскердик оркестр уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик гимндерин аткарып, алардын улуттук желектери көтөрүлдү.

Scroll to Top