Кыргызстандык балбан кыздар Албаниядагы рейтингдик турнирде күмүш жана коло медаль утушту

Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан MUHAMET MALO–2026 эл аралык рейтингдик турниринде кыргызстандык балбандар Мээрим Жуманазарова күмүш, ал эми Гүлнур Таштанбекова коло медалга ээ болушту.
Мээрим Жуманазарова 68 кг чейинки салмакта күч сынашты. Ал алгачкы беттештеринде АКШнын өкүлдөрү Дестин Ренени (11:0) жана Солин Николь Пирсини (10:0) жеңген. Жарым финалда Түркиянын балбаны Нерсин Бас менен кез келип, 8:4 эсебинде үстөмдүк кылды. Финалдык беттеште болгариялык Юлиана Яневага 0:2 эсебинде утулуп, экинчи орунду ээледи.
Гүлнур Таштанбекова 65 кг чейинки салмак ченинде күрөштү. Ал алгачкы беттешинде орусиялык Алина Касабиевага утулуп, медаль үчүн күрөштү көңүл жубатуучу айлампа аркылуу уланткан. Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште индиялык Апекша Патил менен кез келип, беттеш 3:3 эсебинде аяктады. Акыркы упай алгандыгынын негизинде жеңиш Таштанбековага берилди.
Алдыдагы беттештер:
Бүгүн, 28-февралда, аталган турнирдин алкагында Кыргызстандын намысын дагы төрт спортчу коргойт:
- Кыз-келиндер күрөшү: Нурзат Нуртаева (72 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг).
- Грек-рим күрөшү: Афтандил Таалайбек уулу (63 кг) жана Баяман Каримов (67 кг).
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.