Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Кыргызстандык бүтүрүүчү дүйнөдөгү алдыңкы технологиялык университетке өттү
24.12.2025 | 13:25

Кыргызстандык бүтүрүүчү Назар Кыргызбаев АКШнын Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) кабыл алынды. Ал буга чейин Кыргызстандын тарыхында Эл аралык математика олимпиадасынан (IMO) алгачкы алтын медалды алып келген. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Министрлик Назар Кыргызбаев акыркы эки жылда Кыргызстандын математика боюнча улуттук курама командасынан MITке өткөн төртүнчү окуучу болгонун билдирди. Мындан мурда бул окуу жайга Тилек Аскербеков, Эльдар Искандеров жана Искен Кенжебаев кабыл алынган.
Назар Кыргызбаев – №61 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Учурда ал «Маариф» билим берүү комплексинде Cambridge A-Level программасы боюнча билим алып, эл аралык стандарттарга ылайык университеттик окууга даярданып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим