Кыргызстандык дарыгерлер Францияда тез жардам көрсөтүү боюнча билим алышат

Кыргызстандык алты дарыгер тез жардам көрсөтүү боюнча адистигин жогорулатуу үчүн Францияда окуудан өтүшөт.
Бул багыттагы кызматташтык тууралуу келишимге Франциянын Кыргызстандагы элчилигинде кол коюлду. Келишимге Франциянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Николас Файе менен Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов кол коююшкан.
Макулдашуу 2025–2026-жылдарды камтып, кыргызстандык адистердин шашылыш медициналык жардам көрсөтүү боюнча компетенцияларын өнүктүрүүгө багытталган. Бул иш-чара “Тез жардам көрсөтүүдө француз-кыргыз кызматташтыгы” долбоорунун алкагында жүргүзүлөт.
Долбоор Франциянын Европа жана Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен Франциянын Экспертизалык фонду (FEF) тарабынан каржыланат.
Жалпы 20 миң евро каражат бөлүнүп, ал кыргыз дарыгерлери үчүн француз клиникаларында окуу турларын жана стажировкаларды өткөрүүгө жумшалат.