Кыргызстандык окумуштуулар Монголиядагы кыргыздарды изилдөө үчүн илимий экспедиция жасашат

Кыргызстандык окумуштуулар Монголиядагы кыргыздарды жана маданий мурастарды изилдөө үчүн илимий экспедиция жасашат. Министр Мирбек Мамбеталиев бул максатта Монголияга жөнөп жаткан жумушчу топ менен жолукту. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, илимий экспедиция 14-28-август күндөрү Монголиянын Баян-Улгий жана Увс аймактарында өтөт. Анда жумушчу топ аталган жерлердеги кыргыздардын, кыргыз тектүү этностордун, ошондой эле кыргыздар менен байланышкан тарыхый, маданий жана фольклордук мурастарын илимий жактан изилдешет.
Изилдөөнүн жыйынтыгында Маданият министрлиги тарабынан илимий басылма жарыкка чыгып, документалдуу фильм тартылат.
“Мамлекет тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул экспедиция Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы этномаданий жана тарыхый байланыштарды кайра жандандыруу, ошондой эле жоголуу коркунучунда турган руханий жана материалдык мурастарды сактап калуу максатында жүргүзүлөт”,- деп айтылат маалыматта.