Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедов UFC менен келишим түзөт

24.09.2025 | 16:21

Кыргызстандык мушкер Муртазали Магомедов (10-0) дүйнөдөгү эң чоң ММА уюму болгон UFC менен расмий келишимге кол койду. Бул тууралуу UFC расмий Instagram баракчасында маалымдады.

Келишим үчүн беттеш АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өткөн Дана Уайттын Контендер сериясынын акыркы турунда болгон. Магомедов мексикалык мушкер Брайан Цурхер (9-1) менен кармашып, биринчи раундда эле атаандашын 1 мүнөт 37 секунддун ичинде нокаут менен жеңип чыкты.

Таасирдүү жеңиштен кийин UFC президенти Дана Уайт аны дароо келишим менен сыйлап, UFC катарына чакырды. Муртазали Магомедовдун биринчи беттеши качан өтөрү азырынча так айтылган жок.

Эскерте кетсек, 27 жаштагы Муртазали Магомедов буга чейин Octagon MMA лигасында беттешип, ал жакта чемпиондукка жетишкен. Ал 2023-жылы титулду жеңип алып, 2024-жылдын 6-декабрында бразилиялык Клаудеси Бритого каршы титулун ийгиликтүү коргогон. Бул беттеште да атаандашын ишенимдүү жеңип, карьерасындагы жеңилбес статусун сактап калган.

Scroll to Top