Кыргызстандык окуучулар дүйнөдөгү эң беделдүү жогорку окуу жайларына кабыл алынышты. Алардын ичинен үч окуучу Плющ Лигасынын университеттерине өтсө, экөө Массачусетс технологиялык институтунун (MIT) студенттери болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Агартуу министри Догдуркул Кендирбаева аталган бүтүрүүчүлөр менен жолугушуп, куттуктады. Ошондой эле министр бүтүрүүчүлөр келечекте мекенине кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошушат деген ишенимин билдирди.
Ким кайсы университетке тапшырды?
- Айхан Принстон университетине жана Колумбия университетине тапшырды, ошондой эле АКШнын бир нече алдынкы окуу жайларынан сунуштар алды.
- Нурсултан Пенсильвания университетине (UPenn) толук грант (Full Ride Scholarship) менен кабыл алынды, 346 миң 660 доллар көлөмүндөгү каражат окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын төрт жыл бою толук жабат.
- Тимур Колумбия университети жана Франциядагы Sciences Po университетинин биргелешкен «2+2» программасына 70 пайыздык окуу акысын камтыган грант менен тапшырды.
- Эльдар менен Искен Массачусетс технологиялык институтуна кабыл алынып, төрт жылдык толук грант (Full Ride Scholarship) алышты, башкача айтканда, алардын ар бири 360 миң доллар көлөмүндө каражат алат. Бул каражаттар алардын окуу, жашоо жана тамак-аш чыгымдарын толук жабат.
Министрликтин маалыматында, беш окуучу тең «Келечектеги лидерлер мектеби» долбоорунун катышуучулары болуп саналат. Бул долбоор өлкөнүн бардык аймактарындагы 8-10-класстардын таланттуу окуучуларына эл аралык гранттарга даярданууга көмөктөшөт.
Министр Кендирбаева аталган долбоордун негиздөөчүсү Алтынбек Бегалиевге билим берүү тармагына кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирген.