Кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун «Перзент» кыска метраждуу тасмасы Бээжиндеги эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева билдирди.
Кинофестиваль 18-28-ноябрь күндөрү болуп өтөт. «Перзент» тасмасы фестивалдын жаңы түзүлгөн NOVA сынагына катышат.
Режиссер Караш Жанышов 28 жашта, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүн аяктаган. «Кош бол», «Меланхолия боектору», «Ташкентке жол» кыска метраждуу тасмаларын тарткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз