ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Кыргызстандык самбочулар III КМШ оюндарында 4 медаль жеңишти
01.10.2025 | 13:53

Азербайжандын Гөйгөл шаарында өткөн III КМШ оюндарында Кыргызстандын самбо боюнча курамасы 2 күмүш, 2 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Аталган мелдеште төмөнкү самбочулар байгелүү орундарды алышкан:
- Ильяс Абжалиев (71 кг) – күмүш медаль;
- Марал Байбосунов (79 кг) – күмүш медаль;
- Эльдар Аскарбеков (53 кг) – коло медаль;
- Илья Сухинин (98+ кг) – коло медаль.
III КМШ оюндарында жалпысынан 13 өлкөдөн келген 1 миң 624 спортчу күч сынашууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт