Кыргызстандык самбочулар Кытайдагы Дүйнөлүк оюндарга катышат

12.08.2025 | 10:38

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасы 13–14-августта Кытайдын Чэнду шаарында өтө турган Дүйнөлүк оюндардын алкагындагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Эки күндүк мелдеште медалдар эркектер жана аялдар арасындагы жекече таймаштарда, ошондой эле аралаш командалык эсепте ойнотулат. Мелдештер Цзяньян маданий-спорт борборунун спорт залында өтөт.

Кыргызстандын намысын төмөнкү спортчулар коргойт:

  • Акак Үсөн кызы — 54 кг
  • Саяк Бараканов — 64 кг
  • Курманбек Замирбек уулу — 71 кг
  • Мээримай Нурадилова — 80 кг
  • Бектен Эркебай уулу — 88 кг
  • Бекназар Жээмырсаев — 98 кг

Делегацияга Кыргызстандын Самбо федерациясынын президенти Азиз Ибраев жетекчилик кылууда. Курамда улуттук команданын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев, улук машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулу жана калыс Антон Зверев бар.

Маалымат үчүн: Дүйнөлүк оюндар — Олимпиада программасына кирбеген спорт түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү көп тармактуу спорттук иш-чара. Быйыл ал Кытайда алгачкы ирет, ал эми Азияда экинчи жолу өтүп жатат.

Scroll to Top