Жаш спортчулар «Азия балдары» эл аралык мелдешине жөнөп кетишти

Жаш спортчулар «Азия балдары» эл аралык мелдешине жөнөп кетишти

Россиянын Владивосток шаарында 27-июлдан 8-августка чейин өтө турган «Азия балдары» Vll Эл аралык спорттук оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын атынан жалпы 70 кишиден турган курама команда жөнөп кетишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 48 спортчу спорттун 9 түрүнөн (самбо, көркөм гимнастика, баскетбол 3*3, кум үстүндө ойноло турчу волейбол, кичи-футбол, жаа атуу спорту, ок атуу спорту жана тхэквондо) күч сынашмакчы.

Эл аралык мелдешке курама команданы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары — Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев узатып, Кыргызстандын желегин тапшырды.

Канат Шабданбаев эл аралык денгээлде өтүп жаткан мелдешке Кыргызстандын атынан бара жаткан жаш спортчуларга ийгилик каалап, алар үчүн мындай оюндар маанилүү экендигин, ошондой эле, мекендин желегин бийик желбиретип келүүгө чакырды.

Белгилей кетсек «Азия балдары» Эл аралык спорттук оюндары 1996-жылдан тарып төрт жылда бир өтүп келет. Ага 16 жашка чейинки жаш курактагы спорчулар гана катыша алышат. 2021-жылы пандемиядан улам мелдеш жылдырылып, быйыл 12 мамлекеттен келген 1355 спортчу катышаары маалым болду.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>