Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн эл аралык жарышта жеңүүчү болушту.
27-октябрда Түркстан шаарында экинчи эл аралык марафон өттү. Жарым марафондук 21,097 чакырым аралыкты Кыргызстандын спортчулары жеңип алышты. Эркектер арасында Нурсултан Кеңешбеков биринчи, кыз-келиндер арасында Айнуска Калил кызы 1-орунду ээледи.
Буга чейин Алматыда өткөн жарым марафондо дагы алар жеңишке жетишкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз