Кыргызстандык спортчулар Кытайда ММА боюнча турнирге катышат

24.05.2025 | 12:07

Кыргызстандык спортчулар Тынчтыкбек Каныбек уулу менен Нуржигит Акунов 24-майда Кытайда өтө турган аралаш мушташ боюнча JCK FIGHT NIGHT 99 турнирине катышат.

“Кабылан” каймана аты бар Тынчтыкбек Каныбек уулу 66 килограммга чейинки салмак ченинде 9-2 рекорду менен кытайлык Тенглиге (38-14) менен беттешет.

Ал эми, “Аккула” каймана аты менен таанымал болгон  Нуржигит Акунов (5-1) 77 килограмм салмакта Ки Ванга (25-15) беттешет.

 

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top