Кыргызстандык тайбоксчулар дүйнө чемпионатында 20 медаль утту

21.03.2025 | 09:23

Кыргызстандык тайбоксчулар Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 20 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Медалдардын 13ү алтын, бешөө күмүш, экөө коло. Мелдеш 9-19-март күндөрү болуп өттү.

Алтын медалдын ээлери:

  • Давид Ахматов (37 кг, 11жаш);
  • Бектур Шаимбеков (54 кг, 13жаш);
  • Акылбек Нурланбек уулу (54 кг, 20 жаш);
  • Мухамедали Алиев (57 кг, 24 жаш);
  • Никита Цой (63.5 кг, 29 жаш);
  • Нурсултан Медербек уулу (63.5 кг, 21 жаш)
  • Кубанычбек Жолдубаев (75 кг, 34 жаш);
  • Султан Атагелдиев (71 кг, 19 жаш);
  • Эрнар Аманжолов (67 кг, 20 жаш);
  • Чүрөк Тажибекова (48 кг, 15 жаш)
  • Диана Зайнитдинова (54 кг, 15 жаш);
  • Алия Саалыева (48 кг, 16 жаш);
  • Милана Шихшабекова (51 кг, 18 жаш).

Күмүш медалдын ээлери:

  • Темирлан Асылбеков (67 кг, 14 жаш);
  • Элазан Замирбеков (60 кг, 25 жаш);
  • Ахмед Ашурбеков (71 кг, 19 жаш);
  • Вероника Ахматова (57 кг, 15 жаш);
  • Аделя Асылбек кызы (60 кг, 17 жаш).

Коло медалдын ээлери:

  • Альберт Бактыбеков (57 кг, 19 жаш);
  • Ихтияр Каныметов (60 кг, 23 жаш).

Курама команда мелдешке машыктыруучулар Сыргак Айталиев, Дильшат Даутов, Александр Кононенко жана Али-Мурад Гаджиевдин жетекчилиги алдында катышты.

Scroll to Top