Кыргызстандык жаштар эл аралык кесиптик чеберчилик чемпионатына катышууда

08.10.2025 | 14:34

Кыргызстандык жаштар эл аралык «TurkicSkills 2025» кесиптик чеберчилик чемпионатына катышууда. Чемпионат азыркы тапта Казакстандын Актау шаарында өтүп жатат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке 7 өлкөдөн келген жаш кесипкөйлөр катышып, 90дан ашуун эксперттин жетекчилиги астында 10 компетенция боюнча күч сынашууда.

Чемпионаттын негизги максаты – тажрыйба алмашуу үчүн бирдиктүү мейкиндик түзүү, жумушчу кесиптерди даңазалоо, жаш таланттарды өнүктүрүү жана түрк дүйнөсүнө кирген өлкөлөрдүн ортосундагы байланышты чыңдоо.

Кыргызстандын улуттук курамасына Бишкек шаарындагы №22, №89, №2, №18, №5 кесиптик лицейлердин, «Nomad» колледжинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү кирген.

“Кыргызстан үчүн «TurkicSkills 2025» катышуу өзгөчө мааниге ээ, анткени бул улуттук кураманы кийинки «WorldSkills Asia 2025» жана «WorldSkills International 2026» эл аралык мелдештерине даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top