Эки министрдин жолугушуусу: Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары эмнелерди талкуулашты?Кыргызстан менен Тажикстандын соода жүгүртүүсү 24 эсеге өсүп, 36 млн долларды түздү«Дөөлөт курулуш» ишканасынын эки объектиси Курулуш министрлигине өттүСоцтармактарда мурдагы спикерди «саткын» деп атаган жаран кармалдыСуусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө берди
Кыргызстандыктар 2025-жылдын негизги жыйынтыктарын атады
05.01.2026 | 14:42
БМУнун алдындагы профессор Кусейин Исаев атындагы Коомду изилдөө борборунун 2025-жылга карата жыйынтыктоочу социологиялык иликтөөсүнүн жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары өлкө жашоосундагы эң маанилүү окуяларга баа беришти. Респонденттердин 64%дан ашыгы өткөн жылдын жыйынтыгын оң баалады, алардын ичинен 17%ы жылды «абдан ийгиликтүү», ал эми 47,7%ы — «жалпысынан жакшы» деп атады.
Сурамжылоого катышкандардын пикири боюнча, жылдын негизги жетишкендиктери төмөнкүлөр болду:
- Инфратүзүмдүк объекттерди (мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, стадиондорду) куруу — 54,7%;
- Жол курулушу — 29,3%;
- Жаңы заводдорду жана ишканаларды ишке киргизүү — 19,2%;
- Коррупция жана мыйзамсыз менчиктештирүү менен күрөшүү — 16,2%;
- Мамлекеттик чек ара маселелерин чечүү — 13,2%.
Сурамжылоонун катышуучуларынын 7%ы гана жылдын жыйынтыгына терс баа берип, 2025-жылды «кыйын» же «өтө оор» деп мүнөздөшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом