Кыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр Жапаров

03.03.2026 | 16:19

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) жүргөн Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо боюнча макулдашуулар жетишилгенин билдирди. БАЭде авиакаттамдарга чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, жарандарды алып чыгуу коңшу мамлекет — Омандын аймагы аркылуу уюштурулат.

Мамлекет башчысынын айтымында, БАЭде учактардын учуп-конуусуна тыюу салынгандыгына байланыштуу, кыргыз тарап Оман бийлиги менен эки чартердик каттамды тартуу боюнча макулдашты. Бул учактар менен 300 адам чыгарылат.

Эвакуация биринчи кезекте жарандардын эң аялуу катмарына — аялдарга жана балдарга тийиштүү болот.

Президент Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн мекендештерди кайтаруу боюнча иштер үзгүлтүксүз жүрүп жатканын баса белгиледи.

«Бардыгыңыздарды сабырдуулукка жана токтоолукка чакырам», — деп кайрылды Садыр Жапаров жарандарга.

Ал ошондой эле БАЭден түз каттамдарды аткарууга расмий уруксат алынары менен, мамлекеттик кызматтар калган бардык жарандарды бир сутканын ичинде алып чыгууну камсыздай турганын кошумчалады. Кырдаал мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө турат.

Теги: Иран
Scroll to Top