Кыргызстандыктар Баткенге төрт күндө 148,4 млн сом чогултту

Кыргызстандыктар Баткенге төрт күндө 148,4 млн сом чогултту

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Баткен калкына колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандын жарандарынан ошондой эле башка ыктыярчылардан 148 млн 414 миң 821 сом өлчөмүндө каражат түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги 20-сентябрда билдирди.

Атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык алдамчылыгына бөгөт коюу максатында ачылган.

Эскерте кетсек, акча каражаттарын «кайрымдуулук» негизде жөнөтүү үчүн 4409021103005073 — «КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты» атайын эсеби ачылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>