Кыргызстандыктар физиологиялык муктаждыктар үчүн суткасына 11 саат коротушат

03.01.2026 | 12:00

Калктын суткалык убакыт фондун изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жарандардын убакыт бюджетинин дээрлик жарымы (48%) физиологиялык муктаждыктарды канааттандырууга кетет. Орточо эсеп менен өлкө тургундары уйкуга жана өзүн кароого суткасына 11 сааттан ашык убакыт коротушат, мында көрсөткүчтөр шаардык жана айылдык калк үчүн дээрлик окшош.

Акы төлөнүүчү эмгек чөйрөсүндө олуттуу айырмачылыктар катталды. Шаарда иштеген эркектердин жумуш убактысы суткалык фонддун 29%ын, ал эми айыл жеринде 25%ын ээлейт.

Аялдарда бул көрсөткүчтөр кыйла төмөн: тиешелүүлүгүнө жараша 15% жана 9%.

Республика боюнча эркектердин жумуш күнүнүн орточо узактыгы 6,5 саатты түзөт. Бул көрсөткүч аймактарга жараша өзгөрүп турат: Талас облусунда 4 саат 25 мүнөт болсо, Бишкекте 7 саат 36 мүнөткө чейин жетет.

Иштеген аялдардын жумуш убактысынын орточо көрсөткүчү болжол менен 3 саат 10 мүнөттү түзөт. Изилдөө эркектер бардык курактык топтордо акы төлөнүүчү эмгекке көбүрөөк убакыт коротуп, үй чарбаларында негизги багуучу бойдон калып жатканын тастыктайт.

Scroll to Top