Кыргызстандыктарды Москвадагы «Орус ырлары» конкурсунa чакырышат
Москва Өкмөтү эл аралык элдик ыр өнөрү боюнча «Орус ырлары» конкурсунун катышуучуларын кабыл алуу башталганын жарыялады. Анын финалы 2024-жылдын 28–31-октябрында Москва шаарында өтөт. Бул жакынкы чет өлкөлөрдөн келген аткаруучулар үчүн өзүн таанытып, Москва сахнасында өнөрүн тартуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Конкурс Абхазияда, Арменияда, Беларусияда, Казакстанда, Кыргызстанда, Молдова Республикасында, Приднестровьеде, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түштүк Осетияда жашаган 18ден 60 жашка чейинки россиялык мекендештер үчүн ачык. Катышуучуларды тандоо эки этапта өтүп: адегенде калыстар тобу жөнөтүлгөн видеотасмаларды баалап, 50 финалистти тандайт.
Турдун жеңүүчүлөрү Москвага чакыруу алышат. Алар үчүн шаардагы тарыхый жана маданий жайларга экскурсиялар, вокал жана сахна өнөрү боюнча алдыңкы адистердин мастер-класстары, ошондой эле финалдык гала-концертке катышуу каралган.
Өтүнмөлөр 21-сентябрга чейин кабыл алынат. Катталуу үчүн шилтеме аркылуу өтүү мүмкүн.