Site icon Reporter.kg

Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына 1 млн сом берилет

Кыргызстанда бүгүн, 19-октябрда төрөлгөн 7 миллионунчу жаранга депозиттик эсеп ачылып, 1 млн сом которулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, наристе ал акчаны жашы жеткенде өз муктаждыктарына колдоно алат.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткендин Кызыл-Кыя шаарында 19-октябрда түнкү саат 2:10до жарык дүйнөгө келген. Ал фермер Валижан Абдурасуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Апасы — Айжаркын Сыраждинова, 1982-жылы туулган. Бул анын төртүнчү баласы. Ымыркайдын салмагы 3,9 кг, бою 54 см.

Президент Садыр Жапаров наристенин ата-энесин телефон аркылуу куттуктап, балага Жакшылык деген ат койгон.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version