Кыргызстандын АКШдагы элчиси визалык чектөө маселеси боюнча Вашингтондо сүйлөшүү өткөрдү

Кыргызстандын АКШдагы элчиси визалык чектөө маселеси боюнча Вашингтондо сүйлөшүү өткөрдү

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Марк Поммершайм менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле Кыргызстандын жарандарына визалык чектөөлөр киргизиле турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизүү мүмкүндүгү тууралуу маселеге өзгөчө көңүл бурулган.

Элчи Айбек Молдогазиев бул маселени кароодо тең салмактуу мамиле керек экендигин белгилеген. Жолгушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта кызматташууну улантууну макулдашышкан.

Эске салсак, буга чейин The Washington Post басылмасы жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн делген айрым мамлекеттердин тизмесин жарыялаган. Тизмеде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген жалпы 36 өлкө бар болгон.

Тышкы иштер министрлиги буга чейин маалымат таратып, Кыргызстандын жарандарына карата АКШга кирүүгө кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча АКШ тараптан расмий маалымат түшө электигин, чектөө киргизилиши мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмеси кандай критерийлердин негизинде түзүлөрү Кыргызстан үчүн түшүнүксүз болуп калып жатканын билдирген эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: АКШ элчи

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>