Кыргызстандын банктары насыя берүүнү 52%га көбөйттү
Кыргызстандын банк сектору рекорддук өсүү темпин көрсөтүүдө. 2025-жылдын 10 айында насыялоонун көлөмү бир жарым эседен ашык өстү. ЕӨБ эксперттери насыялык жогорку активдүүлүктү ички суроо-талаптын башкы кыймылдаткычы (драйвери) деп аташууда. Бул өз кезегинде экономиканын эки орундуу санда өсүшүн камсыз кылууда.
2025-жылдын январь-октябрь айларындагы маалыматтарга ылайык, коммерциялык банктар тарабынан насыялоонун өсүшү жылдык мааниде 52%ды түздү. Бул өсүү темпи 26%ды түзгөн өткөн жылга салыштырмалуу чоң секирик. Иш жүзүндө, карыз берүүнүн динамикасы эки эсе ылдамдады.
Белгилей кетчү нерсе, насыялык ресурстарга болгон ажиотаждуу суроо-талап акчанын кымбатташына алып келген жок. Аталган мезгилде орточо пайыздык чен 16,4%ды түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилинин деңгээлине шайкеш келди. Чендердин туруктуулугу калк жана бизнес үчүн жаңы насыяларды алууга кошумча түрткү болду.
Аналитиктер насыялоо менен экономикалык өсүштүн ортосунда түз байланыш бар экенин баса белгилешүүдө. Карыз каражаттары жогорку ички суроо-талапты колдоп турат — адамдар товарларды сатып алып, бизнес өнүгүүгө инвестиция салууда. Ушул драйвердин аркасында Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү боюнча 2025-жылдын жыйынтыгына карата божомол өтө оптимисттик бойдон калууда — экономиканын 10,3%га өсүшү күтүлөт.