Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мамлекеттик сектордо коррупциялык тобокелдиктерди башкаруунун жаңы стандарттарын киргизүүдө
КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясында мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдө коррупцияга каршы күрөшүүнүн алдын алуу (превентивдик) механизмдерин киргизүүгө арналган жумушчу иш-чара өттү. Бул багыттагы иштер БУУнун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) колдоосу менен Transparency International уюму менен кызматташуунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Күн тартибиндеги негизги темалар коррупциялык коркунучтарды системалуу түрдө аныктоо жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна милдеттүү түрдө коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү болду. Адистер тобокелдиктерди баалоо жол-жоболорун башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу процесстерине түздөн-түз интеграциялоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурушту.
Бул механизмдерди өнүктүрүү 2025–2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик стратегиянын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Башкы прокуратура укук бузуулардын жасалышына өбөлгө түзгөн шарттарды минималдаштыруу үчүн мамлекеттик органдардын тажрыйбасына тобокелдикке багытталган мамилени (риск-ориентированный подход) ырааттуу киргизүүнү камсыздайт.